Домой Коом Ноокатта 6 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгон жигиттин кылыгы

Ноокатта 6 жаштагы кыз менен жыныстык катнашта болгон жигиттин кылыгы

594

ту Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (Зордуктоо) менен айыпталган Таалайдын (К.М.А., аты өзгөрдү) жазык ишип карап, өкүм кабыл алды. Ал 1989-жылы Ноокат районунда туулган. 5-классты гана бүтүргөн, бойдок. Мурда соттолгон.

Таалай 2020-жылдын 5-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Ноокат районунун 1959-жылы туулган тургуну Кубанычбектин (М.А., аты өзгөртүлдү) үйүнө мас абалда барып, короодо ойноп жүргѳн Айзиректи (2014-жылы туулган А.Ж.А., аты өзгөртүлдү) кѳргөн. Үйдѳ эч ким жоктугунан пайдаланып, аны алдап, айылдагы бак-дарактар тарапка алып барган. Андан кийин анын алсыз абалынан пайдаланып, зомбулук кѳрсѳтүп, жыныстык катнашта болгон.

Соттук отурумда айыпталуучу Таалай күнѳѳсүн толугу менен мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2020-жылдын 4-август күнү саат 11:00 чамасында үйүнѳн чыгып, Ноокат шаарында жайгашкан борбордук базарга барган. Ал жерде ѳзүнүн телефонун оңдотуп, спирт ичимдигин ичип, түнкү саат 23:00 чамасында үй тарабына бара жатканда жолдогу балдар менен дагы спирт ичимдигин ичкен. Андан соң ошол айылда жайгашкан мектептин жанында уктап калган. Эртеси дагы спирт ичимдигин ичип, мурдагы таанышы Кубанычбектин үйүнѳ барган. Ал үйгѳ барганда жашы жете элек балдар ойноп жатышкан. Алардын арасында Айзирек дагы болгон. Ал досунун үйүнѳ алып барууну суранган. Аны айткан дарекке алып бара жатканда Айзирек жыгылып кеткен. Аны ордунан тургузуп жаткан учурда жашы жете элек кыздын чоң атасы келип, айыпталуучуну башка таш менен уруп жиберген. Ошондо Таалай сай тарапка качып кетүүгө аракет кылганда аны кармап калышкан. Арадан кѳп убакыт ѳтпѳй милиция кызматкерлери келген.

Жабырлануучунун мыйзамдуу ѳкүлү сотто Айзирек небереси болорун, ал кыздын ата-энеси турмуш шартка байланыштуу 2020-жылдын февраль айында Россия Федерациясына кетишкенин билдирди. Анын айтымында, окуя болгон күнү аялы менен биргеликте Ноокат шаарында жайгашкан базарга барышкан. Базарда жүргѳн кезде аларга кошунасы телефон аркылуу байланышып, небереси үйдѳ жок экенин айткан. Алар ал сѳздү уккандан кийин тез эле үйүнө барып, небересине издөө салышкан. Андан кийин Айзирек бак тараптан ыйлап, кыйналып басып келген. «Эмне болду?» деп сурашканда бир бала тийишкенин айткан. Андан кийин айыпталуучуну кармап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Таалай Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бѳлүмү (Зордуктоо) менен күнѳѳлүү деп табылып, анын негизинде ѳмүр бою эркинен ажыратылды.

булак: turmush.kg