Домой Саясат Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов кызматынан бошотулду

Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов кызматынан бошотулду

77

Бүгүн, 4-февралда Премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган иниси Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

68-статья. Мамлекеттик уюмдарда туугандардын чогуу иштешин чектөө.

Бир же ошол эле мамлекеттик уюмдарда жакын туугандарга (ата-эне, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, уул, кыз, ошондой эле жубайлардын, ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) иштөөгө, эгерде алардын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган учурларды кошпогондо, бири экинчисине түздөн-түз баш ийишине же контролдугуна байланыштуу болсо, чогуу иштөөгө тыюу салынат.