Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш уулануу фактысы боюнча кылмыш иши козголо электигин маалымдады. Алар өткөн бейшемби күнү арыз жазышкан. Мыйзам боюнча тергөө органдары үч күн ичинде чечим кабыл алышы керек болчу.
44 жаштагы саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, эстен танып жыгылган. Учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон.
Ал учакка отурар алдында Богашево аэропортундагы кафеден чай ичкен. Саясатчынын тарапкерлери «Навальный дал ушул жерден чайга бир нерсе кошуп ууландырылышы мүмкүн» деп шектенип жатышат.
Омскидеги дарыгерлер Навальныйдын негизги диагнозу – «зат алмашуунун бузулушу» деп сыпаттап, «бул балким учакта отурганда канындагы канты кескин азайып кетишинен болушу мүмкүн» деп билдирген.
Булак: “centralasian”