Домой Маданият Назира Айтбекованын сүрөтүнөн да ажырашуусу чоӊ талкууну жаратты

Назира Айтбекованын сүрөтүнөн да ажырашуусу чоӊ талкууну жаратты

516

253347_3886670612498_1279793835_n

“Бөдөнө тумшук мамагы” менен интернет айдыӊын жарып, Президенттик шайлоого аттанган талапкерлерге тоскоол болгон жайдары алып баруучу Назира Айтбекованын сууда түшкөн сүрөтүнөн дагы анын жолдошу менен ажырашканы, андан ашкан талкууну жаратты. Албетте, элдин көзүндө жүргөн адамдын сууда түшкөн сүрөтү, жеке жашоосу, үй-бүлөсү, деги койчу, баскан-турганынан бери кызык эмеспи. 9 жыл үлгүлүү үй-бүлө болуп эл көзүнө көрүнгөн Искендер Шаршееев менен Назира Айтбекованын ажырашуусуна көптөрдүн ичи ачышты. Чуулгандуу сүрөттөн кийин Искендер Шаршеев менен Назира Айтбекова Спутник маалымат агенттигине келип, маек курушту. “ — Негизи биздин үй-бүлө курулгандан бери ар дайым келинчегимди колдоп келгем. Назира экөөбүз тогуз жыл чогуу жашадык. Бул убакыт аралыгында эч нерсеге өкүнгөн жокмун. Экөөбүз тең жаман жолго барган жокпуз. Бир гана элден ар түрдүү сын-пикир келип жатты. Бирок айта кетчү нерсе экөөбүз эки башка жолго түшкөнүбүзгө бир жылдай болуп калды. Анткени экөөбүз тең бири-бирибизге эркиндик берүүгө туура келди. Түрдүү кыйынчылыкта бирге жүрдүк, көп нерсе көрдүк, ынтымактуу үй-бүлө болдук. Азыр ортобузда сый-урмат бар” – деди алып баруучунун жолдошу Искендер Шаршеев.

tamoxifen next day delivery. Назира Айтбекова: “Бийиктиктерге жетчү адамды капаска камап албашым керек.”

Назира Айтбекова экөөнүн эки жолго түшүүсүнүн себептерине токтолуп, буларды айтты:  — Жолдошум ушул чечимди айтканда көпкө ойлонуп жүрдүм. Искен да абдан акылдуу адам. Анын чоң масштабдагы максаттары бар. Бийиктиктерге жетчү адамды капаска камап албашым керек. Анткени мен аны аябай жакшы көрүп, жытын жыттап жанында болсом болду болчу. Бирок анын жарыгы мага эле тийбеши керек, анын жарыгы бүт баарына тийсин деп ойлодум. Мен өзүм ата мээримин көрбөй калганга мээрим, көңүл сурап, бучкактай берем. Күйөөмдү да ошентип бучкактай берчүмүн. Бирок ага опол тоодой жоопкерчилик болгум келген жок. Өзү да сен эл адамысың, сенин талантыңды сүйүп алгам деп калчу. Ошондуктан экөөбүз тең бири-бирибизге эркиндик бердик. Бирок балабызга баарын түшүндүрүп жатабыз. Кааласа атасына, кааласа мага келип жүрө берет”.

20117099_10212592213707562_2882264067364475408_o

“Эч ким жашоомо кирип мени тизгиндеп, тыюуга акысы жок”

Ал эми суудагы сүрөт боюнча буларды айтты: “— Мен мындай фотосессияны көптөн бери жасагым келип жүргөн. Лев Бобенко деген мыкты фотографтын эмгектерине кызыгып, ага бир жыл мурун эле сунуш кылгам. Бирок менин сүрөттөрүм кандай ракурста болоорун элестете алчу эмесмин. Суудагы сүрөттү ушунчалык талкуулай тургандай мен дырдай жылаңач болуп түшкөн жерим жок да. Ар кандай пикирин айтып, талкуулап жаткан адамдардын деңгээли өсө электигинен кабар берет. Мен кадимкидей эле көйнөк кийип түшкөм, болгону ал мага жабышып, чапталып турат. Анын эч кандай уяты жок. Көчөдө, түнкү клубда деле андан жаман уят нерселерди жасап жүргөн адамдар толтура. Анан эле Айтбекованын бөдөнө тумшугу бардай укмуш сөз кылуунун анчалык кажети жок. Биз эркин өлкөдө жашайбыз, эркиндикке умтулуубуз кажет. Эмне үчүн мен бир нерсени эркин сүйлөй албашым керек, эмне үчүн менин каалагандай кийинүүгө укугум жок? Эч ким жашоомо кирип мени тизгиндеп, тыюуга акысы жок. Кандай болсом ошондой көрүнгүм келет. Эл алдында абийирдүү көрүнүп бирок жеке жашоосунда жаман нерселерди кылып жүргөндөрдү көрүп эле жүрөм. Бирок мен андай эмесмин. Башкысы ички дүйнө аруу, таза болсо болду. Кийим көп нерсени чечпейт. Балким мен сыртыман чапташкан көйнөк кийип сүрөткө түшкөнүм менен жан дүйнөм такыр башкадыр. Адамды сыртынан көрүп эч качан тон бычпаш керек. Мен деле күлүп жүргөнүм менен ичимен ойлогон тоодой оюм бар. Анан эле чыныгы Назираны көрүп, билбей туруп көйнөкчөн түшкөн сүрөтүмдү талкуулап жатканыңар бул адамдын пастыгы деп эсептейм. Эмчек мага эле бүтүп калган жок да. Баарыбыздын энебиз бар, эмчеги менен бала тойгузат. Ал сүрөттү искусство, образ, сулуулук катары деле караса болот да. Мен өзүмдүн каалаган нерсемди жасагым келет. Ал эми бизде «эл эмне дейт» деп атып эле чүнчүп жашап өтүп кетебиз.”

(Т.С.)