Назира Айтбекова өзүнүн жашоосундагы кыйынчылык кездери тууралуу жөн эле ойлорун бөлүштү.
Ошол тамаша тор жашоомду башка нукка бурду. Андан кийин Аалам сырларынын чырлары болду. Ак жерден күнөөлүү болуу, жыгылганда элден тепки жеген эмне экенин , элдин табасы, жакыныңдын колдоосу, сен ишенген адамдардын канжар урушу, сатып кетиши эмне экенин билдим. Дагы бир жолу көзүм ачылды. Дагы бир ирет төрөлдүм. Эми баш көтөрүп келе жатканда дагы бир сокку болду. Тогуз жылдык жан биргем мн эки айрылыш жолго түштүк. Эт тырмактан айрылганда жан дүйнөңдү кууруп, ичиңе туз куйгандай ачышып, дендароо боло түшөсүң. Жарымыңды кесип салгандай, жарты адам болуп, жалгыздыкты тутуна баштайсың. Сагынып, издеп, карайлап каласың. Ориентир табыш, жолуңду улаш кыйын болот. Физикалык жактан бир төрөлөсүң, бир жолу киндик кесилет, бирок моралдык жактан, руханий жактан миң төрөлөт экенсиң. Ар бир оор күнүңдө чыйраласың, баш көтөрөсүң, тизеңди күүп алып, алдыга чуркайсың. Бул нерсе эмнеге менин башыма келип атат дейсиң. «Тык» токтойсуң. Өзүңдү сырттан, ичтен карап көрүү процесси башталат. Эмне үчүн? деген суроолор жамгырдай төгүлөт. Жашооңдун ар бир булуң бурчунан сурооруңдун жообу чыга баштайт. Жооп табыш үчүн болгон мүмкүнчүлүктүн алдын карай баштайсың. Тагдыр өзү көп жандырмагын жөнөтө баштайт. Издеген табат, сураган алат. Өзүмдү өзүм табам деп жолуңду, башатыңды издейм деп максатыңды койгон гана жетиштүү. Анын башка эрежеси жок. Алдыңа китептер да, адамдар да, видеолор да, тренингдер да чыга баштайт. Бирок эң чоң кеңешим бирөөнү, өзүңдү күнөөлөдөн баштаба. Туура эмес жол. Тагдырыңды, өзүңдү кабыл алуудан башта. Кыйчалыш жолуң, оор күндөрүң, бут тоскон, чалган , ара жолдо таштаган адамың үчүн рахмат айтуудан башта. Алар болмоюн өсмөк эмессиң! Азыр жек көрүп, таарынган адамыңа кийин ийилип ырахматыңды айтасың! Мен ыраазымын! Эч кимге дооматым жок. Кечирдим. Кечирим сурайм. Кое бердим. Жаңы төрөлгөндөй жеңил, жыргал сезим келди! #жөнэлеойлор