Белгилүү алып баруучу, актриса, блогер көп кырдуу талант Назира Айтбекова фейсбук баракчасына жан дүйнө жаңырыгын жазып, элдин көңүлүн буруп турат. Бул жолу айымдардын ички сезимин жазып, мырзаларды таң калтырды көрүнөт.
Ал: “Аялдын эмне эңсегенин аңдап билүү кыйын. Бирди ойлойбуз, башканы сүйлөйбүз. «Кет» дейбиз. ББулак:Заман.кжирок ал сөздүн тереңинде «Кетпе. Дагы көбүрөөк көңүлүмдү ал» мааниси жатат. «Керекпи?» деп сураганда таңдайды «шак» эттирип, баш чайкайбыз. А ичибизде » Берсең, сурабай эле бер да» жатат. «Сагындыңбы? » дейсиңер, «Өлө албай жатыптырмынбы сени сагынып» дейбиз. Бирок ары жагыбызда жүрөгүбүз чырылдап кыйкырып, «Сенсиздик мени өлтүрүп кое жаздады» дейбиз. Биз — аялдар, намыстуу келебиз! Ичибиз кайнап, силерге болгон сезимден куйкаланып, өлүп баратсак да, зымырайып турабыз зымга тарткандай. Сөзүбүзгө ишенбегиле! Чындык көзүбүздө жатат!” – деп жазды.
Назира айымдын пикирине айымдар “туура, биздин сырыбызды ачык айттыңыз” дешсе, мырзалар таң калганын жашырышкан жок.
Булак:Заман.кж