Назира Айтбекова үч айдан бери астма мене күрөшүп жатканын айтып, оорунун келип чыгышы тууралуу суроолору көп экенин жазды.
«Үч ай болду энтиккениме. Дем ала албай, кара терге түшөм. Түндөсү уйкум келет. Жатсам, демим кысылат. Отуруп алып уктайм. Үч айдан бери астма мн алышкан адамга короновирусуң коркунуч деле жаратпайт. Укол, капельница, даары алдым. Гормоналдык да алдым. Астма мени мн балалыгымды талашты. Өмүр бою эле келе жатат. Психологиялык себебин аныктап чыгуу кажет. Луиза Хейдин айтуусу боюнча балдардагы астма «Жашагысы келбегендик» катары каралат экен. Чоңдордогу астма «Сезимдерди басынтуу, жашыруу. Өзүң үчүн жашай албагандык» делинет. Кандай шартта төрөлдүм. Каалашты беле жаратып жатканда, же «залет» болуп калган баламынбы? Балким жаш ата — энем алдыргысы келгендир. Балким, кош бойлуу кезинде апам жашагысы келбегендир, чоң стресс болгондур. Изилдеп чыгып, түйүлдөк кезиңдеги көйгөйлөрүңдү чечпесең, өмүр бою кыйналчудайсың. Оору дагы бир нерсе айткысы келет. Жан соолугуң аксаган учурда гана ден соолуктан көрүнөт ал нерсе. Демек, жан дүйнө тынч эместигин айгинелейт. Дем алуу жашоо эмеспи. Эмнеге дем алгандан дене баш тартып атат? Жашагым келбей атабы? Суроом көп..»- дейт Назира Айтбекова.
Булак: Багыт