Домой Саясат Назгүл МАМЫТ0ВА,«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору: «ЖАКЫНДА ЖЕР- ЖЕРЛЕРДИ КЫДЫРЫП, КОЖОБЕК РЫСПАЕВГЕ...

Назгүл МАМЫТ0ВА,«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору: «ЖАКЫНДА ЖЕР- ЖЕРЛЕРДИ КЫДЫРЫП, КОЖОБЕК РЫСПАЕВГЕ ТЫЙЫН ЧОГУЛТАБЫЗ»

57

2018-жылы 31-августта «Ачык саясат» гезитине «Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» аттуу макала жарык көргөн. Бул боюнча

Кожобек Рыспаев гезиттин редактору Назгүл
Мамытованын үстүнөн 2019-жылы февраль-март айларында шаардын Октябрь райондук сотуна «менин кадырым тебеленди» деген
таризде арыз берген. Райондук сот депутаттын пайдасына чечип койгон. Жакында бул Бишкек шаардык сотунда каралып, Октябрь райондук соттун чечими күчүндө калды. Биз Назгүл айымдын өзүнө байланышып, чоо-жайын уктук

— Назгүл айым, Октябрь райондук соту ЖК депутаты Кожобек Рыспаевдин пайдасына чечим чыгарып койгонунан кабардар элек. Жакында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүнө калтырды өндөнөт?..

— Ооба, Октябрь райондук соту Кожобек Рыспаевге 300 миң сом «Ачык саясат плюс» гезитинен өндүрүп берүү чечимин чыгарган. Биз бул чечимге макул эместигибизди билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылганбыз. Бирок, Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койду. Бул соттордун сөз эркиндигине түздөн-түз басым жасап, биздин гезитке карата чыгарган чечими менен башка маалымат булактарына эскертүү берип койду (!) десек болот. Рыспаевдин жактоочусу соттук териштирүүлөргө катышкан жок. Шаардык сот түздөн-түз көрсөтмө менен чечим чыгарды. Бул саясый чечим да.

— Эмнеге антип ойлоп атасың?

-Ал менин оппозициялык көз карашыма байланышканын таккесе айтам. Анткени өзүңүздөр билесиздер, мен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бири болом жана КСДПнын мүчөсүмүн. Кожобек Рыспаев жөнүндө учурда бир да жаран жакшы ойдо эмес экени, ал өз абийирин саясатта өз оозу жана жүрүм-түрүмү менен айрандай эле төгүп алганы белгилүү эмеспи.

— Мындан кийинки кадамдарыңар кандай болот?

— Биздин мындан аркы кадамдар Жогорку сотко кайрылуу. Азыр шаардык сот чечимди колубузга бере элек. Чечимди алгандан кийин Жогорку сотко кайрылабыз. Тогуз жылдан бери өз арбайыбызды өзүбүз согуп, болгон күчүбүздү жумшап, эч кимге көз карандысыз гезит чыгарып келе жатабыз. Бизде 300 миң сом деген акча жок! Биздин үмүт — карапайым адамдарда жана кайдыгер карабаган жарандарда. Жакында жер-жерлерди кыдырып, акция уюштуруп, Кожобекке тыйын чогултабыз. Биздин мындан башка аргабыз жок. Учурдан пайдаланып медиа өкүлү, жактоочум Акмат Алагушев агайга терең ыраазычылык билдирип коюну эп көрүп турам. Жеңилибизди жерден, оорубуздун колдон алып, адилеттүүлүк үчүн чын ыкласында күрөшүп келет.

Булак: «Фабула»