Домой Саясат Назгүл Абдыкадырова, жеке нотариус: Атамбаевди камоо иши – Жээнбековго эмес, Бакиевге керек!

Назгүл Абдыкадырова, жеке нотариус: Атамбаевди камоо иши – Жээнбековго эмес, Бакиевге керек!

189
—Назгүл айым, алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

—Мен 2000-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин №15-лицензиясын алып жеке нотариус катары өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келе жатам.  Андан мурда областта Сот департаментинин жетекчиси болуп иштегем . Ишимде болсо  ар дайым мыйзамдуулукту, чындыкты, адилеттүүлүктү жактап келе жатам.

—Юридика тармагында иштеп келе жатканыңызга  канча жыл болду?

—Жалпысынан 25 жыл болду. Анын ичинен 5 жыл Түп районунда мамлекеттик нотариуста эмгектендим. Андан кийин Сот департаментинде начальник болуп иштедим. Бул жерде иштеп жүргөнүмдө адилетсиздикке, куугунтукка  туш болдум. Ал кезде Акаевдин заманы болчу. Андыктан азыркы кездегидей эле саясаттын айынан жеке нотариус болуп иштеп туура келди. Биз  мамлекетке патриот сыяктуу эле иштейбиз. Мурда мамлекетке 90 пайыз салык төлчүбүз, тактап айтканда  бир жарым миллионго сомго чейин. Азыр мамлекетке жылына миллион сомго чейин пайда келтирип жатабыз.  Биз элге  кызмат көрсөтүүнүн негизинде өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Эми мен өзүмдүн ишимди жакшы көрүп, берилип иштегендигим үчүн  бул жерден эч жакка кете албай калдым. Коммуналдык кызмат көрсөтүү кызматтарынын акысын өзүбүз төлөйбүз. Эл менен иштегенден кийин көпчүлүк баркыңды билгендиктен  ошого жараша ишибиз жүрүп келатат го деп ойлойм. Себеби элге  туура кеңеш берип, кандай болгон күндө да мыйзамды так түшүндүрүп берсең жүзүң жарык болот экен.

—Акыркы жылдары нотариус деген аябай көп ачылып кетпедиби. Эми арасында ар кандайы бар дегендей. Буга эмне демекчисиз?

—Туура айтасыз. Сиз айткандай арасында ар кандайы бар. Бирок ошол топтон  суурулуп чыгып, эл өз баасын берип 6-7 жылдан бери Каракол шаарынан “Мыкты нотариуст” , “Жылдын адамы” номинацияларына  ээ болдум. Адилет министрлигинен “Юстиция тармагына сиңирген эмгеги үчүн” деген медалды алдым. Мындан башка да орден-медалдар менен  сыйланып келатам. Бул да болсо эмгектин сыйы деп ойлойм. Себеби азыркы заманда бирөөнү жакшы деп айтып, анын барк-баасын билген аз болуп жатат да. Эл ичинде эмгегим бааланып иштеп келатканыма шүгүр. Элиме дайым  ыраазымын.

—Мыйзамдуулук кандай болуп жатат сиздин баамыңызда?

—Менин баамымда ар ким өзүбүздүн эле ордубузда өзүбүздүн эле милдетибизди  туура жана так аткарсак, эч ким келип кысым көрсөтө албайт. Сөзсүз бирөөлөр келет, мен тарапты жактап кой деп. Нотариуста кирген кишиден эле эптеп акча өндүрүп калуу максат болбош керек. Бир иш кылсаң да ошонун маңыздуусун, мыйзамдуулугун, тактыгын карап берсең ошондо эң туура болот. Мен көп эле журналисттер менен баарлашам. Прокуратура, милиция кызматкерлери жалган жерден келип текшере берет дегенге мен макул эмесмин. Себеби өзүмдүн 20 жылдан берки ишимден билемин.  Баары туура, так турса текшерген органдар кыянаттык кылып эч кынтык таба албайт. Анткени ал жерде мыйзамдуулук сакталган болот.

—Кыргызстандын жараны катары мамлекетибиздин бүгүнкү абалына кандай баа бересиз. Бийликтин алмашканына бир жарым жылдан өтүп калды. Дегеле сиздин көз карашыңызда алдыга жылуу барбы?

—Жок. Мен мындай пикиримди ар дайым айтып келем. Себеби эрегиштен эр өлөт. Азыр үчүнчү күчтөр баш көтөрүп жатат. Мен ушуну эки жыл мурда эле айткам. Азыркы кезде Атамбаевди каралоонун Жээнбековго кереги да жок. Андан көрө экономиканы көтөрүп, мамлекетке пайда келтирсе болот эле. Атамбаевди алсыратып, камоо иши биринчи кезекте  Бакиевдерге гана керек. Эгер Бакиевдер башын көтөрүп азыр келсе же Атамбаев командасы менен камалса, анда Бакиев сөзсүз түрдө акталат деген жагдай бар. Анан Атамбаевдин алты жыл иштеген учурунда өлкөдө стабилдүүлүк болгонун  кайда жашырабыз? Азыр ушул эки достун ортосуна чагым салып жаткандар-бул үчүнчү күчтөр. Жакындан бери Бакиевди жата калып жактаган кошоматчылар түштүктүн ханы деп айтып жатышат. Бул ачык эле элди бөлүп-жаруу болуп жатпайбы…

                                                                                                    Булак: Багыт.кг