Казак президенти Нурсултан Назарбаев Орусияга карата жарыяланган жаңы санкциялардын таасири Казакстанга да тийиши ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу ал кечээ премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолукканда айтып, “азыркыдай катуу иштөөнү” талап кылды.
“Жыл аягына чейин жакшы көрсөткүчтөр менен чыгышыбыз керек. Коркунучтар бар. Биздин мунай продукциябыздын наркы олку-солку болууда. Батыштын Орусияга санкциясынын таасири болушу ыктымал” деди казак президенти.
2-августта АКШ президенти Доналд Трамп Орусияга жана анын ишканаларына карата санкциялардын жаңы пакетине кол койгон. Ошол эле күнү Казакстандын акча алмаштыруучу жайларында теңге долларга карата арзандай түшкөн.
Булак: Азаттык clomid no prescription.