Экс-депутат, учурдагы БШКнын белдүү мүчөсү Назарали Ариповго карата Маевка айылынын сатуучулары каршы аттанышып, анын иштеген ишине чейин жаалданып келишти.
Көрсө, Назакебиз Маевкадагы муниципалдык жерди (эл соода кылган) тосуп, өздүк ишин жүргүзүп жатканы, натыйжада бир катар дыйкандар менен соодагерлердин иши үзгүлтүккө учурап жатканы маалым болду. Жаалданган элге каршы Арипов чыгып жолуга алган жок. Эми ушул ишти «арадай жерге чарадай кылып» жарыялатпай, өзүнө каршылар менен бетме-бет жолугуп, сүйлөшүү менен бүтүрүп койсо болбойт беле? Эл көзүндө жүргөн соң эки жакты байкап, сагыраак жүрбөйбү? Колунда бар, оокаты шүгүр жигит бир ууч дыйкан, соодагерлердин ырыскысын талашканы уят го?
Булак: Де-Факто