Домой Коом Насыяны максаттуу жумшап, пайдасын көрүңүз

Насыяны максаттуу жумшап, пайдасын көрүңүз

71

Байып, бутка туруунун жолу насыя алуу деп түшүнөбүз. Бирок насыя алган күндө деле кайра карызга батып сазга малынабыз. Бул чынжырды үзүүгө көбүбүздүн каржы жагынан сабатыбыз жетишпейт. Ушул тармакта иш алып барган адистерден пайдалуу кеңештерди алууга аракет кылдык. Эгер насыя алып иш баштайм деп турсаңыз, төмөнкү маалыматтар сизге ашыкча болбойт.

1-кадам: Карыздын туткунунан кутулуңуз
Адамды ирдентпеген эң жаман сапат – карызга акча алуу. Канчалык карыз көп алсаң, ошончолук артынан карызга малына берүү адаты бар. Адам “карызымдан кантип кутулуу керек?” деген ойго басым кылган сайын башка жактан карыз ала турган булактар ачыла баштайт.

2-кадам: Акылдуу жана Акылсыз сатып алууну айырмалаңыз
Насыяга унаа алуу, үйдү оңдоп-түзөө, эмерек, кийим-кече, идиш-аяк алуу – мунун баары акылсыз сатып алууга кирет. Ал эми акылдуу сатып алуу бул – насыя алып ишкерлик кылуу, өзүн-өзү өстүрүү, билимин жогорулатуу үчүн насыя алуу утушка гана алып келет. Анткени адам өзүн өзү өстүрүү менен алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача алат.

3-кадам: Максатты так аныктоо
Мага насыя эмне үчүн керек? Адатта насыяны ишкерлик баштоодогу алгачкы капитал катары колдонсо жакшы жыйынтык берет.

4-кадам: Салыштыруу
Көбүнчө адамдар таанышы иштеген же туугандары алган банктан насыя алышат. Ошол эле учурда айрымдары гана пайыздык ченине кызыкса, басымдуу бөлүгү документти аз талап кылган жана кыска мөөнөттүн ичинде насыя берген банктарга ыкташат. Бул туура эмес. Насыя аларда жашаган жериңиздеги банктарды кыдырып көрүңүз. Кеминде 5 банкты көрсөңүз, кайсынын пайыздык чени кандай, сизге кайсы банктын шарты ылайык келерин аныктап аласыз.

5-кадам: Кирешени туура эсептеңиз
3000 долларды мен болжол менен канча убакытта кайтарып бере алам деген так эсеп болушу керек. Насыя төлөнө турган сумма жалпы кирешенин 20-30 пайызынан ашпаш керек.

6-кадам: Ийгиликсиз адамдан ийгиликтүү адамга айланыңыз
Ийгиликтүү адам менен ийгиликсиз адамдын ортосунда бир айырма бар.Ийгиликтүү адам тапкан акчасынын кайсы бир бөлүгүн эсебине сактайт, ийгиликсиз адам тапкан акчасын акырына чейин коротот.

Булак: Леди