Домой Саясат Насирдин Исановдун баласы президенттин администрациясынын башкармалыгынын бирин жетектейт

Насирдин Исановдун баласы президенттин администрациясынын башкармалыгынын бирин жетектейт

38

Насирдин Исановдун баласы Алмаз Исанов президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы болду.

Кечээ, 18-октябрда президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын башкармалыктарынын башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Анда 4 башкармалык түзүлгөн.

  1. Укушов Мурат Каниметович президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы;
  2. Эргешов Алтынбек Калдарович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы;
  3. Кожоналиев Кубатбек Азатович президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы;
  4. Исанов Алмаз Насирдинович саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы.