Эл ичиндеги мекенчил атуулдарыбыз тарабынан демөөрчүлүк колдоолор улантылууда.
Бүгүн, 11-июлда Нарын облустук тоо лыжа жана самбо федерациясынын президенти, Нарын шаарынын намыскөй уулдарынын бири Кубан Абас уулу 8 кычкылтек концентраторун, 400 литр антисептик, 45 даана коргонуучу костюм жана 1000 респиратор беткабын облустук ооруканага тапшырды.
Мындан сырткары Кубан Абас уулу дүйшөмбү күндөн баштап облустук ооруканада эмгектенген 130 медицина кызматкерине «Анаркүл апа» кафеси аркылуу 20 күн ысык тамак бердирээрин маалымдады.
Мындай колдоосу үчүн демөөрчүгө облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов, шаар мэри Нурбек Молдокадыров, облустук оорукананын директорунун милдетин аткаруучу Азамат Дүйшөналиев эл-журттун атынан ыраазычылык билдиришти.
-Нарындын атуулу болгондуктан оор мезгилде карап тура албай колдон келген жардамымды облустук ооруканага берейин деп чечтим. Концентраторлорду Турциядан алдырдык. Учурдан пайдаланып ушул жабдууларды алып келүү ишине жардам берген коомдук ишмерлер: Нурлан Сулаймановго жана Айнура Апасовага рахмат айткым келет. Элибиз аман болсун, ооруп аткандар тезирээк сакайып кетишсин,-дейт Кубан Абас уулу.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.