Домой Коом Нарында экстремисттик уюмдун мүчөсү өз калоосу менен уюмдан баш тартты

Нарында экстремисттик уюмдун мүчөсү өз калоосу менен уюмдан баш тартты

83

Нарында экстремисттик уюмду колдоп жүргөн мүчөсү өз калоосу мене экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалым болгондой, Нарын ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАКы) тарабынан экстремизмге каршы аракеттенүү багытында, экстремистик уюмдар менен байланышы бар жарандар арасында түшүндүрүү иштери, профилактикалык маектер жүргүзүлүп натыйжада мурда, экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” уюмунун идеолгиясын колдоп жүргөн, Нарын шаарынын тургуну Р. Р. аттуу жаран аталган уюм Мыйзамсыз экенидигин түшүнүп, өз ыктыяры менен эктремисттик уюмдун идеологиясын колдоодон баш тартып, “Салттуу ислам” эрежелери менен дин тутууну туура көрүп, мындан ары Кыргыз Республикасында тыюу салынган уюмдар менен байланышпоо, мыйзамдуулукту сактоого милдеттенди.

Ошондой аталган жаран башка жарандарды Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган эстремисттик уюмдардын идеологиясын колдобоого үндөйт.
Нарын ОИИБы, Нарын облусунун тургундарынан экстремизмге каршы күрөшүүгө укук коргоо органдары менен тыгыз байланышуу, интернет булактарында шек жараткан маалыматтарды жайылтпоого чакырды.

Экстремисттик уюмдар, алардын мүчөлөрү, кылмыштуу аракеттери (аракетсиздиктери), интернет булактарындагы шектүү материалдардын жайылышы жөнүндө жана башка экстремисттик көрүнүштөргө күбө жана кабардар жарандарды Нарын ОИИБнын ЭММКАКна, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына билдирүүнү сурайбыз.