Домой Коом Нарколог Жеңишбек Назаралиев идеясын уурдаган кимди кабанаак итке окшоштурду?

Нарколог Жеңишбек Назаралиев идеясын уурдаган кимди кабанаак итке окшоштурду?

158

Белгилүү  нарколог  Жеңишбек Назаралиев   Даниэл Ажиев жөнүндө өзүнүн идеясын уурдап кеткенин жазды.

“Менин кабылдамама келгенде эле анын ким экенин дароо сездим. Мени менен жакшы мамиледе болгусу келди окшойт, дароо кымбат уюлдук телефонду белек кылды. Телефондун мага таптакыр кереги жок болчу. Ал мага ачык эле абдан жылдыз, керек болсо президент болгусу келээрин айтты. Экөөбүз сүйлөшүп олтуруп  клиниканы  обсервация үчүн колдонууга берип жатканымды жана колунда бар жарандар чогулуп мамлекетке жардам берүү үчүн “Биз” деген проекти баштап жатканымды айттым. Ал дароо макул болуп 10 миң доллар чыгарам деп айтты. Ошентип кеткен. Бирок ал эки сааттан кийин эле телефон чалып мени менен иштеше албасын айтып билдирүү жазды. Күлүп эле койдум.  Ошентип ал менин идеямды уурдап кетти. Мен аны абдан кабанаак итке окшоштурдум. Андай адамдарга жакшысы тийишпей эле коюш керек”-деп жазып чыкты.

Булак: Коом пресс