«Чалдар» деп айтууга аргасызбыз. Кыргызда «аксакал» деп – жөнү менен карыган, жаштарга баскан-турганы, айткан акыл-насааты менен үлгү болгон улгайган адамдарды айтат. Ал эми карыганына карабай калжаңдагандарды «чал» деп орой атап келишет.
25-августта таң атпай Качкын Булатов баштаган «чалдар» борбор калаабыздагы Ак үйдүн жанындагы Апрель курмандыктарына арналып коюлган эстеликтин алдына өкүрүп барып, акция өткөрүштү. Алар бул аракетин премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Сапар Исаковдун талапкерлигине каршы чыгып аткандыктары менен түшүндүрүшөт. Алар «Сапар Исаков Максимдин жардамчысы болчу, булар үчүн апрелде азаматтарыбыз жанын берген эмес» дешет өкүрүп бүтүшкөндөн кийин.
Эми ушул алтымыш жаштын ары жак-бери жагындагы «чалдардын» нарк-насилибизде жок жорукту баштап атканы жаштарга кандай үлгү болушу мүмкүн? Эгерде булар билимдүү, акыл-эстүү адамдар болушканда Сапар Исаков 2010-жылга чейин катардагы гана мамлекеттик кызматкер болуп келгенин билишет эле. Эгерде бул «чалдардын» логикасына таянсак, анда 2010-жылга чейин мамлекеттик катардагы кызматкер болуп келгендердин баардыгын «Бакиевдердин кадры» аташыбыз керек экен да?
Ушинтип жаш кадрлар такшалып, жогорку мамлекеттик кызматтарга келип атканына кубанышыбыз керек. Себеби келечек жаштардын колунда. Ал эми кутман таңды кубанып тосуп албастан, жөнү жок өкүрүк салышкан «чалдардын» жоругу өз баштарына гана көрүнсүн дейли.