Домой Тагдыр Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

20
Карызга белчебизден батканбыз. Үйдөн жегенге эч нерсе таппайсың. Дүкөнчү Замира эже күн сайын келип ызы-чуу салат. Дарбаза тыкылдаса “эми кимиси болду экен деп” жүрөгүбүз ордунан козголот. Телевизордон тамак-аштарды көрсөтүп калса, ичтерибиз курулдап баштайт.

Күйөөм автомеханик болуп иштейт. Алты ай мурун бутун кокустатып, баса албай төшөккө жатып калды. Кичинекей үч балабыз бар. Иштейин дейм, бирок аларды, эң негизгиси ар дайым кароого муктаж күйөөмдү таштай албайм. Бекиткен акчабыздын баары күйөөмдүн дарысына кетти.

Там салып жатканбыз. Курулуш иштери бүткүчө деп батирде турчубуз. Кырсыктан кийин батирдин акчасын төлөй албай бүтө элек үйгө көчүп кирдик. Полу жок, дубалы сырдала элек. Светке көп акча келбесин деп, үлбүрөгөн бир мешти сайып, кабат-кабат кийинип алып отурабыз.

Улуу балабыз экинчи класста окуйт. Сабагы жетиде башталат. Байкушум үйдөн беште чыгат. Себеби мектеп алыс, жол киреге акча жок. Жарым жолго чейин өзүм жеткирип барам.

Боорукерим десе, мектептен тамак бергенде нанын жебей карындаштарына бекитип алат. Келип бөлүп берип жатканын көрүп көзүмөн жаш агат.

Баары эле тууган керек дешет. Кана ошол тууганыңар? Төө минип жүрсөң жаныңан чыгышпайт, минтип жөө басып калсаң изин таптырбай кайдадыр качышат. Туугандарыма барсам, бир сом чыкпады. Күйөөм өзүнүкүнө чалса,  гудок кетип жатат, жооп жок.

Баса, баягы күнү үйгө тайкем менен тажеңем келишиптир. Кур кол. Катып отурган жарым наным бар эле айла жок ошону койдум. Тажеңем үйдү бир сыйра сынап карап, терезеде парда эмес, эки мыкка кадимки кездеме илинип турганын көрүп, “ай пардаң кантет, жакшынакай бир нерсе сатып алып илип койсоң боло” деп жанымды күйгүздү. Алар кеткенден кийин бакырып ыйладым. Күйөөм “көңүл бөлбөй эле кой, башына иш түшкөндө көрүшөт” деп соротуп, көз жашымды аарчыды.

Эмнеге адамдар көр! Өздөрү деле түшүнсө болот да! Жыргаганыбыздан ошондой парда илип коюптурмунбу? Нанга акча таппай отурсак, кайдагы парда? Эртеси туугандардын баарына пардам ушак болуп тараптыр.

Күйөөм акырындап баса баштады. Кошуналардын машинасын оңдоп шабашка кылганга өттү. Балам эртең мектепке маршрутка менен барарын укканда сүйүнүп секирди.

Ошол жыл жашообуздагы эң оор жыл болду. Бирок, башыбызга ушундай күн түшкөнүнө ыраазы болдук. Себеби, кимдин ким экенин билип алдык.

Булак: Билесиңби