Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өлкөдө нанга болгон баалардын жогорулашы боюнча түшүндүрмө берди.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, нандын кескин кымбатташына мамлекеттин буудай менен ундун баасын жасалма түрдө кармап туруу саясатынан баш тарткандыгы, ошондой эле күйүүчү майдын, электр энергиясынын жана газдын баасынын жыл сайын жогорулап жатышы себеп болгон.
Мындан тышкары калкты арзан нан менен камсыз кылуу программасынын алкагында түрдүү коррупциялык схемалар пайда болгон. Бул тармакта иштеген кызматкерлер унду арзан алып, нанды мамлекет тарабынан бекитилген баада эмес, базар баасында сатуу менен пайда көрүп келишкен.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2011-жылдан 2018-жылга чейин «Охангарон дон» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мындай жол менен 18,6 миллиард сум (1,9 миллион доллар) өлчөмүндө каражат уурдашкан.
17-октябрда «Каракалпак дон махсулотлари» ишканасынын кызматтык адамдарына карата кылмыш иши козголгон. Алар 2018-2019-жылдары 6134 кап унду 87,5 миң сумдун ордуна 110 миң сумдан сатып, ортодон 138 миллион сум пайда көргөн деп айыпталууда.
Булак: «centralasian»