“Эне” деген аттын кусуру урар беле…
Күндөн күнгө шумдуктуу окуялар көбөйөт да! Башкы прокуратура минтип билдирди: Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургундары — эрди-катын 27-февралда жашы жете элек кызы менен уулун бирөөлөргө 80 миң сомго сатып жибериптир! Айылдагылардын айтымында өткөн жылдын январь айында ушул эле аял жаңы тууган ымыркайын Чүй облустук оорукананын дарыгерлерине саткан экен! Азыр аял кармалып сурак берип жаткан кези.
“Ак халат” “кара халатка” айланып жатат
Кудай ушинтип урат, “ак халатчан” деп сыйлап турчу дарыгерлерибиз акчанын айынан атасынын арбагын да сатып жиберүүгө даяр болуп абийирсиз иштерге барып жатат да эми өз баасын алып “кара, капкара” деген наамды кайткыс алды окшойт. Жакында эле Башкы прокуратура Улуттук госпиталды текшерсе, бир куюму 120 сомдон лидокаини бар дарыны 2 млн. 400 миң сомго сатып алган экен. Дал ушундай таасир берчү дарыны кайсы бир фирма 21,5 сомдон сунуштаса албай коюптур да. Ортодо олчойгон акча “ойсоктоп” жатпайбы! Аталган оорукананы мурунку министр Динара Сагынбаева жетектейт. Эми ал айым кантип актанып, “жанын жээр” экен. Медициналык мекемелерде дарылар жана медициналык куралдарды сатып алууга бөлүнгөн акчадан суксуңдаган немелер жеп турганы далилденген. Алардын накта сазайы берилеби же калптан какыс-кукус кылымыш этеби, белгисиз. Министр Батыралиев мырза күбүрөгөн болот, кыймылдаган болот, жыйынтыгы канаке?!
Аялдардан сак болгула, тонойт!
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26 жаштагы Ж.А. деген аял милийсага кайрылган. Анткени, аны 23-февраль күнү саат 17.30да Чүй жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен бир аял кайчы менен саям деп коркутуп чөнтөк телефонун, алтын, күмүш буюмдарын тоноп алган. Аз өтпөй кылмышка шектүү катарында 27 жаштагы И.А. деген аял кармалды. «Акыр замандын» келгени ушул эмеспи!