Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылбаев бийликтин айрым бутагында отургандар сууну коңшу мамлекеттерге кызылдай эле сатып жатканын парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутаттар бүгүн, 27-февралдагы жыйынында 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту.
Депутат Абдылдаев Орто-Токой суу сактагычына канча суу батып, ал суу менен Кыргызстан канча гектар жерди сугара аларын сурады.
Суу чарба аганеттигинин жетекчисинин орун басары Орто-Токой суу сактагычына 470 миллион кубо метр суу батарын айтып, анда Казакстандын дагы үлүшү бар экенин билдирди. Андан Кыргызстан 148 миң гектар жерди сугарганга мүмкүнчүлүгү бар.
Бирок депутат Кыргызстан сууну сатып жатканын баса белгиледи.
“Мен ачык эле айтайын, сууну сатып жатабыз! Анан өзүбүздүн дыйкандарга суу жетпей калып жатат. Мен Чүй облусундагы ирригациялык маселе боюнча атайын эки айдан бери даярданып келдим. Бул маселе чатак. Биз өзүбүздүн дыйкандарга сууну толук көлөмдө беришибиз керек да. Барын видеого тарттыртып келдик, эми көрөбүз июндун аягында Орто-Токойдо канча суу каларын”, — деди депутат.
Булак: Барометр