Домой Саясат Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ, ЖК депутаты, “Бир Бол” фракциясы: “Президенттин алгачкы кадамы коомчулук тарабынан...

Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ, ЖК депутаты, “Бир Бол” фракциясы: “Президенттин алгачкы кадамы коомчулук тарабынан чоң колдоо табууда”

2

       181AEBB8-5A6F-4C3F-8CE5-682B3F9A3A19_cx0_cy5_cw0_w1023_r1_s

–  Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча өлкө башчысына жазган арызын кандай кабыл алдыңыз?

–  Менин оюмча, Сооронбай Шариповичтин ишмердүүлүгү үчүн өзүнүн эркиндиги болушу керек.

– Сиздин оюңузча жакынкы аралыкта саясый талаада кайра түзүп чыгуу аракети болобу?

–  Мындай нерсе дайым болуп келген жана мындан ары да болот. Жакынкы жарым жылда ушундай көрүнүш болот.

–   Саясый кырдаал курчуйт деп ойлойсузбу?

–   Кыргызстанда кырдаал курчуйт дегенден алысмын. Анткени, анын (Сооронбай Жээнбековдун) алгачкы кадамы коомчулук тарабынан чоң колдоо табууда.

–  Президент менен Жогорку Кеңеш кандай кызматташып жатат жана мындан ары кандай кызматташат дейсиз?

glipizide without a prescription.

– Бүгүнкү күндө президент менен парламент конструктивдүү иштеп жатат.

–  Президентти көпчүлүк депутаттар колдойт деп ишенесизби?

–  Эгер президент шайлоо астында элге берген убадаларын убакыт өткөн сайын аткара баштаса менин оюмча парламент тарабынан чоң колдоо болот.

– Жакынкы аралыкта күч органдарынын жетекчилеринин отставкасын кандай божомолдойт элеңиз?

– Бул эми алардын мындан аркы аракеттерине байланыштуу болот.

 

Булак: “АКИ-пресс” агенттиги