Домой Аналитика Мыйзамсыз баюууга айыпталган Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат

Мыйзамсыз баюууга айыпталган Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат

16

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов депутаттык мандатын тапшырат. Маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы тастыктады.

“М. Аманкулов өз эрки менен мандатын тапшыруу ниетин билдирип, арыз жазды. Буга байланыштуу бүгүн, 1-апрелдеги жыйында анын мандаты алынат”, – деди БШКнын басма сөз кызматкери.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда аталган депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, “Каприз” борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.

Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун кабарлаган.