Домой Саясат Мыйзамды бузуу менен үгүт ишин улантып аткан Бабановду БШК шайлоодон четтете алабы?

Мыйзамды бузуу менен үгүт ишин улантып аткан Бабановду БШК шайлоодон четтете алабы?

66

45408_w500_resize

9-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго үчүнчү ирет эскертүү берди. БШКнын мындай кадамга баруусуна Бабановдун Оштогу үгүтчүлөрүнүн добуш сатып алуу аракети соттон далилденгени себеп болгон. Сотто Өмүрбек Токтогуловичтин пайдасына  добуш сатып алууга айыпталып жаткан жарандар күнөөсүн моюнга алып, факты толук далилденген. БШК болсо бул маселе боюнча көз карандысыз комиссия түзүлүп,  добуш сатып алуу фактысы далилденгени үчүн талапкерге эскертүү берүү чечимине келген.

Бабановго биз жогоруда айткандай үчүнчү ирет эскертүү берилди. Ага алгачкы жолу талапкер Сооронбай Жээнбековдун, өзгөчө кырдаалдар министри  министри Кубатбек Бороновдун, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөттөрүн баннерине мыйзамсыз пайланганы үчүн эскертүү берилген. Бабанов экинчи эскертүүсүн үгүт иштерине мурдагы муфтий, белгилүү дин аалымы Садыкжан Камаловду катыштырганы үчүн 7-октябрда алган.

Бирок, Бабановду мындай эскертүүлөр ийге келтире алган жок. Ал Кыргызстандын мыйзамдарын уруп ойнобой, кайра эле мыйзамсыз аракеттерди жасоодо. Бир эле мисал, 9-октябрда анын “АКИpress” маалымат агенттигинде кезектеги пиар-материалы жарыяланды. Анда БШКнын биринчи эскертүүсүн эске калбай кайра эле аким Идирисов менен министр Бороновдун сүрөтүн пайдаланган. Боронов мырза буга чейин атайын билдирүү таратып, аскер адамы катары сүрөтүн жарыялоого эч кимге уруксат бербегенин, уруксат сураса да бербей турганын айткан. Бирок, Бабанов муну эске алган эмес, тоготуп да койгон жок.  

Бабановго эскертүү бере турган жогорудагы 3 жагдай гана эмес. Анын эскертүү эмес шайлоодон четтете турган аракеттери бар. Маселен, парламент депутаты Канат Исаевдин төңкөрүш жасоо кадамынын артында да Өмүрбек Токтогуловичтин кулагы көрүнгөн. 9-октябрда болсо “Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири Мелис Аспеков массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүп жаткан жеринен кармалды. Аспеков Канат Исаев менен Өмүрбек Бабановдун тукуруусу менен ушундай жолго барганын ачык байкоого болот. Бул боюнча Аспековго УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү (массалык башаламандыкка даярдык көрүү), 27-295-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) боюнча кылмыш ишин козгоду жана 48 саатка камакка алынды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бабанов шайлоодон жеңилерине көзү жетип чет өлкөлүк олигархтардын акчасына таянуу менен төңкөрүш жасоого аракеттенип жатканын маалымдаган. Бул маалыматтар күн өткөн сайын тастыкталууда.

Кыргызстанга тынчтык керек жана шайлоодон кийин да жашоо уланышы зарыл. Бабановдун тагдыры өлкө тагдырына байланган эмес. Андыктан БШКдан коомчулук чечкиндүүлүктү талап кылат. Кызмат үчүн өлкөгө бүлүк салуудан кайра тартпаган талапкерлердин бизге кереги жок. Ушундай абийирсиздик артында турган Бабанов президент болуп деле жарытпайт.  impotence drugs online.