Домой Саясат Мыйзамдуулукту эле эмес, маданияттын үлгүсүн да Сапар Исаковдун жубайынан үйрөнгүлө

Мыйзамдуулукту эле эмес, маданияттын үлгүсүн да Сапар Исаковдун жубайынан үйрөнгүлө

147

Өткөн жуманын этегинде мурдагы премьер-министр, азыр 1,5 жылдан ашуун убакыттан бери баш-аягы  жок ар кандай шылтоолор менен абакта жаткан Сапар Исаков 17-августта Исаков инсульт алып, учурда Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер консилиум өткөргөндөн кийин ага  “омуртка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлган.

Айталы дегенибиз башка,ушунча убакыттан бери ага карата эмне деген гана каралоолор болду. Сот анын күнөөлүү же күнөөсүз экендигин али далилдей электе ушул убакыттардын ичинде бүтүндөй күч түзүмдөрү кандай гана айыптар менен каралап, килейген Жогорку Кеңеш да алты ай бою тынымсыз какшап, мамлекеттик телеканалдар жыл бою шыбап жатышты. Ушундай оор шартта анын жубайы Малика Арстанбекова эч бир эмоцияга алдырбай, сабырдуулук менен башына түшкөн оор күндөрдү кичинекей балдарына да билгизбей өтө сабырдуулук менен көтөрүп келет.

Биз минтип эки сүйлөм менен сүрөттөп койгонубуз менен, чынында эле канчалаган жеңил эмес түйшүк турат анын мойнунда. Кечээ тигинтип Сапар Исаковдун абалы оорлоп УКМК өзү чебелектеп ооруканага жаткырууга мажбур болгондо да токтоолугун көрсөттү.

Эсибизде, убагында коррупциянын символу делген бир экс-чиновник камакка алынганда анын жубайынын оозунан «ак ит кирип, кара ит чыгып», ал тургай ошол чиновниктин соттук процессин чагылдырууга барган журналистерге да атырылып «баарыңардын түбүңөргө жетем» дегенге чейин догурунганы, анан ошентип долуланып олтуруп  айылдаштарын чогултуп алып Алайдын жолун бууп отуруп алганы. «Сөздү учурунда айтпасаң сөз атасы өлөт» дегендей, биз ал окуяны минтип кептин ыгы келип калганда эскерип атканыбыз. Эмнеси болсо да бир топ «жеңелер» сабырдуулукту, маданиятты Сапар Исаковдун жубайынын жүрүм-турумунан үлгү алса ашыкча болбос беле дегенибиз…