УКМКнын тергөө абагынан Бишкек шаарындагы №47 колониясына которулган Камчы Көлбаевди ыр менен тосуп алышты. Видео Kaktus.media сайтына белгисиз адамдар тарабынан жөнөтүлгөн.
“Пишпекте” жайгашкан №47 түзөтүү абагынын футболдук талаасында бардык абактагылар үчүн дастаркон жайылган. Столдун башында “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев (Камчы Асанбек) отурган. “Мыйзамдагы ууру” үчүн белгисиз бир туткун чыгып ал Алла Пугачеванын “Миллион алых роз” ырын ырдады. Ырдын сөзү башкача жазылган.



