Домой Коом Мушташка катышкандарды жашырган милиция кызматкерлери үй камагына чыкты

Мушташка катышкандарды жашырган милиция кызматкерлери үй камагына чыкты

73

Баш калаада эки кишини катуу сабаган балдарды жашырды деп шек саналган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үй камагына чыгарылды. Алардын бөгөт чарасын 8-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишенимдүү булактар кабарлады.

ага чейин милициянын эки кызматкери 6-сентябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык (“Кармоонун негиздери”) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам катуу сабалган. аларды сабады делген Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген. Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкуу жаратып, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда шектелип, изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, аларды Свердлов райондук соту эки айга камоо чечимин чыгарды. Алар №1 тергөө абагына киргизилди.

Милиция кызматкерлерине ачылган кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 348-беренеси («Кылмышты жаап-жашыруу») менен ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сабалган эки кишинин бири катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси аёосуз тепки жегени социалдык тармактарга тараган видеодон көрсө болот.

5-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы жапырт мушташта жабыр тарткандардын жакындары нааразылык акциясына чыгып, окуяга күнөөлүүлөрдү тез арада кармап, жазага тартууну талап кылышкан. Окуяны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көзөмөлүнө алып, күнөөлүүлөрдү таап, жазалоону тапшырган.

Булак: Азаттык