— Бутуна ок атылган мушкер Р.у.Т. тууралуу…
— Р.у.Т.ны баары эле билет. Кичинекей кезинен спорт менен машыккан, чет өлкөлөрдө Кыргызстандын желегин желбиретип жүрөт. Ал жигит боюнча кокустук болуп калыптыр деп уктум. Талас облусунда Улуттук көчмөндөроюндарында жүргөн убакта таякемдин кыркы болуп калды. Ошол жакка бардым (Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары). Андан кийин ден соолугума байланыштуу ооруканага жаткам. Анан ушундай сөздөр айтылып калыптыр. Ага чейин туугандардын тынчын албайын деп унчуккан эмесмин. Милиция кандай маалымат таратканын билбейм.Билесиңер, баарыбызга кудай бар.
— Бул окуядан кийин абактардын биринде сиз менен Камчы Досонов («Женго») сүйлөшүп бара жаткан видео тарады. Бул боюнча эмне айта аласыз?
— Ал окуя эсимде жок. Менин оюмча ал эски видео. Ош кичинекей эле шаар да, баарыбыз бири-бирибизди тааныйбыз. Дос-туугандар деген бар. Ошондо досум беле же тууганымбы… Бири абакка камалып, түрмөгө киргем. Чыгып бар жатканда көрүшүп калып (К.Досонов менен), видеодо деле көрүнүп турат, түрмөдөн чыгып кеткем.
— Кримчөйрөгө аралашып кеткен спортчулар тууралуу пикириңиз кандай?
— Менин жеке оюмча ал спортчунун өзүнөн көз каранды. Кандай максат койсо — талыкпай аракет кылыш керек. Негизи спортчулар ийгиликке жетиш үчүн көп эмгек кылат. Эртең менен эрте турат, спорт залга барып машыгып, өзүн кыйнайт. Канча тер төгүлөт. Аны туура колдонуш керек деп ойлойм. Негизи мен кримчөйрөгө аралашып кеткен спортчулар тууралуу билбейт экенмин. Беш манжа тең эмес. Баарыбыз ката кетиребиз.
— «Мухаммед-Умар» спорт клубунан бөлүнүү жөнүндө…
— «Эл оозунда элек жок» дейт. Ооба, мен «Мухаммед-Умар» спорт клубунда машыккам. Ошол жерде чоңойгом. Көп ийгиликтерге жетишкенбиз. Азыр деле спорт клубдагы спортчулар, машыктыруучулар менен жакшы мамиледемин. Убакыт-сааты келгенден кийин өзүбүздүн спорт залыбызды ачтык. Залды жаштарды спортко үндөө жана спортту пропагандалоо максатында ачканбыз.
Буга чейин Turmush басылмасы 22-сентябрь күнү Кара-Суу районунун аймагында 2 белгилүү мушкердин ортосунда чыр чыгып, ок атылганын жазган.
2 спортчу тең «Мухаммед-Умар» спорт клубунун мурдагы тарбиялануучулары. Алардын бири К.С. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы экендиги айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, экинчи спортчу Р.у.Т. Араван райондук ички иштер бөлүмүндө иштеп кеткен.
Териштирүү иштеринин алкагында 22-сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Суу районунун Фуркат айылында Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.К. өзүнүн автоунаасы менен Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну Р.у.Т.нын автоунаасын кубалап барып, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтоткону аныкталган. Ал жерден өз ара пикир келишпестиктен улам С.К. ок чыгарып, анын кесепетинен Р.у.Т. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Спортчулар тууралуу эмне белгилүү?
Р.Т. Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.
К.С. шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектейт. Вале-тудо боюнча Азия жана Евразиянын чемпиону. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.
Ошондой эле Баракелде» басылмасы социалдык тармакка Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев менен «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов жолуккан учурда тартылган видео тараганын жазган.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын болжолдуу маалыматы боюнча, жолугушуу 2015-жылы Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО) өткөн.
«Видеону жанаша жайгашкан имараттан тартышкан окшойт. Азырынча так маалымат айта албайбыз, анткени СИЗО-5тин жетекчилиги жана кызматкерлери алмашкан», — деп айтылат ЖАМКтын маалыматында.
Булак: Турмуш