Домой Маек Мусакун Сатыбалдиев: Үй-бүлө күтүү, жакшы жарга жолугуу — адам үчүн чыныгы бакыт...

Мусакун Сатыбалдиев: Үй-бүлө күтүү, жакшы жарга жолугуу — адам үчүн чыныгы бакыт эмес

471

Мусакун СатыбалдиевМусакун Сатыбалдиев ава тагдыр берген сыноолорго сынып калбай, адамдык сапатын, адамдык жүзүн жоготпой жашап, жыл сайын жаңы китептерин жазып келатат. Бала чагынан балдак кармап, өзү сүйгөн табийгаттын койнуна каалаганда чуркап жете албаса да, учкул кыялы менен ааламды бир күндө алты айланып чыга алат…

— Мусакун ава, сиздин акыркы көлөмдүү чыгармаңыз кайсы болду?

— Өткөн жылы «Бийиктик» басмасынан «Бөрү киши» аттуу чоң романым жарык көрдү. Ал чыгармада негизинен кийинки мезгилдеги биздин өлкөбүздө болуп жаткан оош-кыйыш, кыйсыпыр түшкөн окуялар чыгармага негиз болуп алынды. Ошондой эле капысынан табылган зор өлчөмдөгү байлык адамды кайсы жакка алып барып, кайсыл жарга такап салары Алман деген башкы каармандын окуялары аркылуу берилет. Байлык менен бийлик өз билгенин кылып отуруп, акыры жандүйнөсүндөгү бөрү кишини, бөрүлүк сапатты ойготот экен.

— Аңгемелер сынагында байге алган аңгемеңиздин тарыхын уксак?

— Социалдык тармактагы «Калемгер» баракчасына жарыяланган аңгемелер конкурсуна «Көз ирмем» деген аңгемемди жибергем. Чынында ал аңгеме өзүмдүн купулума анча толбой калган эле, дагы иштешим керек болчу. Бирок бешинчи айлампа башталып калгандыктан жиберип ийдим. Мына ошол аңгеме окурмандардын упайлары аркылуу жеңишке жетишти. Мен үчүн бул кубанычтуу окуя болду. Анда-мында ушинтип эскерип коюшса жакшы экен, өзүмдүн дале тирүү жүргөнүмдү сезип калдым.

— Эмнеге андай дейсиз? Ден соолугу өгүздөй күчтүүлөрдүн жан дүйнөсү зилдеген кеселге айланганын көрүп жатасыз да?

— Ооба, аның туура. Бу коомдук турмуштан оолактап, үйдөн чыга албай жашаган адам үчүн кимдир бирөөнүн бир ооз жылуу сөзү да чоң жөлөк, кайрат-күч, жанына демөөр болот тура. Ошондуктан бул сыйлыкты алып, КТРКнын каналдарына тартылуу мен үчүн өзүнчө бир жаңылык болду. ЭлТРден бир сааттык түз эфир берүүсүнө катыштым. Анан бул жазды зарыга күткөнүмдүн эң негизгиси — «Бейиттеги боз торгой» романынын биринчи жана экинчи томунун басыла башташы болду. Бул китептин басылышына «Кыргыз көчү» коомдук фонду жана «Москва кайрыктары» адабий бирикмеси тарабынан каражат чогултулду. Азыр ал роман «Максат» басмасында басыла баштады.

— Жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Ошондо ал романыңыз эки томдон турабы? Анан да жакшы жар жанга жөлөк дейт эмеспи, жар күтүү жагынан тагдырыңыз кандай болду? Чыныгы сүйүүңүзгө жеттиңизби?

— Бул романдын биринчи тому 2007-жылы «Бийиктик» басмасынан чыккан. Экинчи томунун жазылып бүткөнүнө деле алты-жети жылдай болуп калган, бирок, каражаттын жокттугунан чыкпай келген эле. Эми биринчи, экинчиси менен чыгып жатат. Адеп экинчи томун эле чыгарсакпы деген ойдо элем. Анан «Кыргыз көчүнүн» жетекчиси Асыран биринчисин окубаган окурмандарга кыйын болот, андан көрө экөөнү тең чыгаралы деген сунушун киргизди, бул туура сунуш эле.Ал эми үй-бүлө күтүү, жанга шерик жакшы жарга жолугуу адам үчүн чыныгы бакыт эмес. Кезегинде «мендей майыпка ким тиймек эле» деген ойдо көпкө чейин үйлөнүүгө аракет кылганым жок. Анан ата-энемдер айылдагы эле бир келинге үйлөнтүп коюшту, анын атасы акыл-эс жагынан оорулуу болгондуктан анын таасири балдарына да тийген. Аялым сабатсыз, жөндөп сүйлөгөндү да билбейт эле. Аны менен өткөргөн он жылым кумга сиңген тамчыдай жок болду. Анан оштук бир келин менен кат аркылуу таанышып калдым. Ал экөөбүз төрт жыл кат алыштык. Бир күнү эртең менен үйдөн чыгып кеттим да, Караколго келип, шаардын четинен бир батир таптым. Анан Гүлнараны алып келдим. Ал экөөбүз төрт наристелүү болдук, бирок, эгиз кызымдын бири басып калган маалда чарчап калды. Гүлнара менен да он жыл жашадым, бул менин өмүрүмдөгү эң бактылуу жылдар эле. Бирок, тагдырың түшкүр, менин ушул бакытымды да көрө албады. 1998-жылы Гүлнара врачтардын туура эмес дарылаганынан улам кайтыш болуп кетти. Булардын бардыгы «Бейиттеги боз торгойдо» кеңири баяндалат.Кудайга шүгүр, азыркы жубайым Жайна менен баш кошконубузга он бир жыл болду. Ойдогудай жубай болуп келатат, менин жашап атканыма анын чоң салымы бар десем жаңылбайм. Ушундай аялга жеткениме тагдырыма ыраазымын.

— Жайна эже менен кантип тааныштыңыз?

— Бул 2004-жылы болсо керек эле, бир жолдошум конокко чакырып калды, Жайна да ошол үйдө конокто экен. Бир көргөндө эле сезимге жылуулук агылып кирди. Ал кезде мен Толкун деген менден жыйырма төрт жаш кичүү келин менен жашап жаткам. Ал жаштыгынанбы же тайкы тарбиясынанбы, айтор көп басып кетчү. Базарга барып келейин деп кечинде же эртеси келет, ушунусун койдура албай койдум. Анан Жайна менен таанышкандан кийин аны Толкунга көрсөтүп, мен Жайнага үйлөнөм дедим. Баса, Жайна да мага тез эле имерилип калды. Жакшы сүйлөп койдум окшойт. Ошентип, Толкун экөөбүз тынч, ызы-чуусу жок эле ажырашып кеттик, мурда жатакана тибиндеги тамдан эки бөлмө батир сатып алган элем, анда абдан арзан болчу. Ошол батирди бердим. Жайна (ал менден он сегиз жаш кичүү) менен он бир жылдан бери жашап келатабыз, бири-бирибизсиз кекиртектен чай өтпөйт. Кызыбыз Айназик быйыл үчүнчү классты бүтүп атат.

— Эки бөлмө батириңизди Толкунга бердиңизби ошондо?

— Ооба, ага каттатып бердим. Ал деле жыргаган турмушта жашаган эмес, атасын көрбөптүр, таяжесинин колунда тарбияланыптыр. Кийин Караколго келип, батирде турушуптур. Күйөөсү бир нече жолу уурулуктан түрмөгө түшкөн экен. Мага кезиккен учурда мал уурдап, дагы сегиз жыл кесилип, анан түрмөдөн бирөөдөн бычак жеп каза болгон экен. Эки кызы бар эле, улуусу үчтө, кичүүсү бир жаш эки айлык болучу. Аны менен төрт жылга жакын жашадым. Ошол жылдары балкондо түн жарымына чейин аны күтүп отурганым гана эсимде калды. «Мунуңду токтот, көп баскан аяк чок басат» деп канча жолу айтпадым, болбоду. Көнүп калган немени тарбиялаш кайда. Жакында бирөөдөн, «Толкун белинен грыжа болуп, жатып калганына беш жыл болду» деген сөздү угуп ошол сөздү айтпай эле койсом болмок деп да өкүнүп калдым.

— Бир маегиңизде 17-18 жашыңызда бул өмүр менен коштошууну чечип, үтүктү токко сайып кармап тартканыңызда свет өчүп калганын айткансыз. Тагдыр сизди ошондо кандай максат менен сактап калды деп ойлойсуз?

— Ооба, адам ушундай бир туңгуюкка кабылып, андан чыгууга жылчык таппай кайсалап калган учур болот экен да. Мен ошол кезди ойлогондо негедир коркуп кетем, кайра туруп ошондо тагдыр мага бир жолу боор ооруп, ыбаа карап койду го деп да ойлойм. Ошондогу «Тарт!» деген үн азыркы учурда да кулагыма угула калат. Бул бекер жеринен болгон нерсе эмес, демек, мен тагдырга керек экемин да. Болбосо ошондо светти өчүрүп (балким, бул дал ошо тагдырдын колунан келген чыгар) койбогондо менин бул жашоого келген-келбегеним белгисиз бойдон калмак. Адам жашоого кара курсактын гана камын ойлоп, ошон үчүн гана келбейт, анын көп вазийпасы бар. Балким, менин ошол вазийпаларымдын бири өзүмдүн анча-мынча айта турган сөзүмдү калтырып кетүүдүр.

Назгүл Осмонова