Домой Саясат Мусаевдин ордуна Сыдыгалиев депутат болду

Мусаевдин ордуна Сыдыгалиев депутат болду

43

Ден соолугуна байланыштуу бир жарым жылдан бери кызматтык милдеттерин аткара албай жаткан парламент депутаты Насыр Мусаев мандатын өткөрүп берүү боюнча БШКга арыз жазды. Депутатты ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселесин шайлоо комиссиясы жакынкы күндөрү карай турган болду.

Мусаев 2018-жылы 18-апрелде Жогорку Кеӊешке коляска менен келип, ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришкен. Бирок андан бери парламентке бир да жолу келген эмес. «Кыргызстандын» тизмесинде кийинки кезек боюнча УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурунку жетекчиси Бектен Сыдыгалиев турат.