Домой Криминал Мурун милицияны өлтүрүгөн адам, дагы 2 адамды атууга шектелип колго түштү

Мурун милицияны өлтүрүгөн адам, дагы 2 адамды атууга шектелип колго түштү

328

Жайыл районунун кафелеринин биринде эки адамды атып качып кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди  Маалыматта:  быйыл 21-ноябрында милицияга чакыруу түшүп, Ново-Николаевка айылындагы кафеде 22 жаштагы жигитти белгисиз жаран атып кеткени белгилүү болгондугу айтылат. Ал аймактык ооруканага жаткырылган. Чүй ОИИБдин жана Жайыл РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү кылмышкердин изине түшүп жакынкы имараттардагы бардык видео байкоолорду карап, күбөлөрдү суракка алган. Натыйжада шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 34 жаштагы Б.М. аттуу жаран экени аныкталды. Ал кармалган жаран 2008-жылы Жайыл райондук милициянын кызматкери Эркин Жолдошбек уулун өлтүрүп, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал абактан 2019-жылы чыгып, кайра кылмышка барган.