Домой Коом Мурдагы президенттердин  «Центерра Голд Инк.» компаниясында үлүшү барбы…

Мурдагы президенттердин  «Центерра Голд Инк.» компаниясында үлүшү барбы…

173

 «Центерра Голд Инк.» компаниясында («Centerra Gold Inc.») үлүшү бар адамдар декларация толтуруп, дивиденддери үчүн салык төлөшөбү? Бул суроону бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламенттин жыйынында узатты.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Айдай Карагулова маалыматты системада карап чыгышарын айтты.

«Биз билебиз, Кыргызстандын айрым жарандарынын, мурдагы президенттердин үлүшү бар, ошондой эле ал жакта иштеген адамдардын үлүшү бар. Мен дивидендден канча салык төлөшөрүн билгим келет, анткени алар дагы декларацияда көрсөтүлөт болуш керек. Эгерде алар төлөбөсө, демек өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Алар дагы алган пайызы үчүн салык төлөөгө мүмкүнчүлүк алышы зарыл», – деди А.Алтыбаева.