Дүйнөлүк практикада кайсы гана өлкө болбосун, ар бир президенттик шайлоонун алдында социологиялык сурамжылоо жүргүзүү салты бар. Кыргызстанда да алдыдагы президенттик шайлоо алдында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Ага ылайык президенттик жарышка аттангандарды эӊ алдында Сооронбай Жээнбеков келатат. Сурамжылоого катышкан респонденттер негизинен Сооронбай Жээнбековдун иштермандыгын, жасаган ишин жар салбаган жөнөкөйлүгүн, эч кандай саясий оюндарга аралашпаган тазалыгын, башкаларга салыштырмалуу мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичин басып өткөн зор тажрыйбасын белгилешкен.
Ошондой эле социологиялык сурамжылоодо Өмүрбек Бабановдун рейтинги байпактан төмөн түшүп кеткенин көрүүгө болот. Ө.Бабановдун өзү деле муну байкаса керек акыркы күндөрү республиканы түрө кыдырып качып бараткан кадырын кантип кармаарын билбей катуу жан алекетке түшүүдө. Б.Төрөбаевдин башын айлантып өзүнө кошуп ала койгону менен “мен президент, бул премьер” деп эмитен эле бийликти билгениндей бөлүштүрүп жиберип, оозун чендебей күйгүзүп алды. Адегенде ага ишенип жандап жүргөн куудул А.Иманкулов, анын мындай сөздөрүн укканда “эртеӊ мени да бир жагына соодалап жибербесин” деди окшойт, эптеп качып кутулганын айтып, элди өзүнүн мурдагы айтып жүргөн сөзүнө ишенбөөгө чакырды.
Өпкөсү көөп алган Ө.Бабанов аны менен тынчыбай казак олигархтарына жетип барып, Н.Назарбаев менен бир беттештирип койгула деп жалынып жатып, ал максатына да жетти. Тилинен бал тамган, калпты камгактай, убаданы уйгактай учурган берениӊ Нура акени да эритип ийсе керек, ал киши “бийликке сендей жаштар келсин” деп айтаарын айтып алып, башка мамлекеттин ички ишине кийлигишкен катары эки элге уят болуп отурат.
Билгендердин айтымында казак президенти менен шайлоого чукул калганда жолукмак болгон экен, бирок рейтинги ирегеге кулап калгандыгына байланыштуу жолугушууну тездетип жиберип, артык кылам деп, тыртык кылып, жүзүн ачып албадыбы.
Эми болсо ээленип алган эргулуӊ Назарбаев аркылуу ВВП менен жолугууну эӊсеп жүрсө керек. Бирок ВВП аны менен жолугуша коюшу күмөн. Жолуккан күндө деле Ө.Бабановго ишенбей тургандыгы белгилүү эмеспи. Анткени БӨТтүн фракциясын карап көргүлөчү. Бир орус барбы? Ушунун өзү эле Ө.Бабановдун төркүн-төсүн билгизип турбайбы!