Мурдагы УКМКнын төрагасы, 7-апрелдеги каргашалуу окуялар боюнча күнөлүү деп 20 жылга эркинен ажыратылган Мурат Суталинов баспай калды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалардын бирине анын дарыгери, Улуттук онкология борборунун доктуру Турусбек Абдылдаев билдирген.
-Ал текшерүүлөрдөн өтүүдө. Суталинов кабыл алып жаткан дарылардын ачык көрүнүштөгү башка органдарга тескери таасири тийип жаткандыгы (побочные эффекты) байкалууда. Анын кесепетинен ал азыр баса албай калды. Азырынча ал толук кандуу дарылануу алган жок – деген дарыгер.
Белгилей кетсек, Мурат Суталинов ушул жылдын 7-майында Бишкек шаардык сотунун чечими менен боштондукка чыккан.