Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү бүгүн, 25-майда жерге берилди.
Коронавирус жугуп, ооруканага түшкөн Мукар Чолпонбаев Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу дарттар ооруканасында 24-майда, 70 жаш курагында көз жумган.
Мукар Чолпонбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу 25-майда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин атынан некролог жарыяланды. Анда Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргызстандын эгемендигинин, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, көз каранды эместик декларациясын жарыялоо жараянына жана эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары түздөн-түз катышканы айтылды.
Некрологдо «Мукар Чолпонбаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, кайгы азасын тең бөлүшөбүз. Көрүнүктүү инсан Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтин жаркын элеси элибиздин, мекендештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат» деп жазылды.
Мукар Чолпонбаев 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган. Прокуратура жана юстиция тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
1995-1996-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болгон.
Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамынын ээси болгон.