Домой Тарых Мухтар Тайжан, казак коомдук ишмери, дипломат: Кененсары хан элди кырып жатса, кыргыздар...

Мухтар Тайжан, казак коомдук ишмери, дипломат: Кененсары хан элди кырып жатса, кыргыздар карап олтурат беле?

157

Бул тууралуу өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына Казакстандын коомдук ишмери  Мухтар Тайжан жазып чыкты. “Кененсары хандын өлүмүнө кыргыздарды күнөөлөгөн чоң ката. Кененсары кирип алып айылын кырып жатса, эч бир кыргыздын баатыры карап турмак эмес. Алар дагы ачык согушуп жыйынтыгында ханды өлтүрүп тынышкан. Эгерде кыргыздар басып кирсе деле  Кененсары ошону жасамак.  Албетте, алар куру эле багынып бербейт болчу.  Кененсарынын башы Россияда болушу да ошол убакыттын мыйзамы эле. Же кыргыздар бастырып кирип келип өлтүрүп кетиптирби? Жок албетте! Эми аны күнөөлөп башын бергиле деп кыргыздарды кектей берүү жаш баланын жоругу. Кыргыздардын  100 жыл мурунку ачарчылыкта бизге болгон жакшы мамилесин, сактап калганын унутпоо зарыл. Тарыхтан эч ким эч нерсени чийип сала албайт”-дейт ал.

Булак: Чагылган