isoretinoin without prescription.
15-октябрдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандын эли дагы бир жолу өз акылмандыгын, даанышмандыгын, демократиянын жана эркиндиктин жолун жолдой турганын далилдеди. Мындай пикирин Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев 28-ноябрда шайлоо боюнча өткөн талкууда билдирди.
Анын айтымында, президенттик шайлоону жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн мыкты даярдык көрүлгөн. “Борбордук шайлоо комиссиясы, Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка мамлекеттик органдар кыйынчылыктарга карабай кызмат кылды. Албетте, айрым техникалык жактан кемчиликтер кетти, маселелер чыкты, бирок анын баары шайлоонун жыйынтыгына терс таасир эте алган жок. Автоматташтырылган система аркылуу добуш берүү шайлоо жыйынтыгын бурмалоого, бюллетендерди жалпылап таштоого жол бербейт. Эң башкысы элдин ишеними бекем болду”, — дейт ал.
Чынында 15-октябрда Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өттү. Эң чоң атаандаштыкта өткөн бул добуш берүүнүн жыйынтыгына эл аралык коомчулук, көз карандысыз байкоочулар жогору баасын берди. Эң башкысы элибиз шайлоо жыйынтыгына толугу менен ынанды