Домой Саясат Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду

57

Кыргызстандын Кытай менен каттамдарынын баары токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында айтты.

— 23-январдан баштап Кытай менен каттамдардын баары токтоду. Өзгөчө “Торугарт” жана “Эркеч-Там” бекеттеринде бардык кыймыл-аракеттер токтоду. Билесиздер, Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок биз ал чектөөнү дагы күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, продукция ташып келүү да токтоду.

Өкмөт башчынын айтымында, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктургандар катталган жок.

Ооруну алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 80ге жетти.

Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин чек арасын бир апта убактылуу жабат.

Булак: Азаттык