Домой Криминал Москвадагы трагедия: Жаш эне 5 жана 2 жаштагы уул-кызын өлтүрдү

Москвадагы трагедия: Жаш эне 5 жана 2 жаштагы уул-кызын өлтүрдү

80

Россиянын Москва шаарынын тургуну 5 жаштагы кызын жана 2 жаштагы уулун өлтүрүп салды.

Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, балдардын апасы – 25 жаштагы Анастасия соңку күндөрү досторуна жашоосуна даттанып, өзүн бактысыз сезип жатканын айтып жүргөн. Ал балдарынын атасы – өзбекстандык жолдошу менен ажырашкандан кийин депрессияга кабылып, ушундай мыкаачылыкка барганы айтылууда.

Журналисттерге белгилүү болгондой, Анастасия балдарын жаздык менен тумчуктурган.

Ошондой эле Анастасия белгилүү математик Лев Натансондун кызы экени аныкталды. Лев Натансон кумар оюндары үчүн алгоритмдерди иштеп чыккандыгы менен белгилүү болгон. Андан тышкары математиканы покер оюнунда колдонуу боюнча бир нече китеп жазган. Соңку айларда Натансон кызы менен сүйлөшпөй жүргөн.

«Комсомольская правда» билдиргендей, Натансон неберелеринин атасын – өзбекстандык мигрантты үй-бүлөсүнө кабыл албай койгон жана ошондой кийин кызы экөө алыстап кеткен.

Анастасиянын тааныштары айыпталуучу менен жолдошу башынан эле ынтымагы жок жашап, урушуп келишкен.

«Жолдошу Анастасияны сабап, депрессияга чейин жеткирген. Башкалар менен сүйлөшүүгө тыюу салып келген. Ажырашкандан кийин Анастасияга басым көрсөтүп турган», — деди соттолуучунун таанышы.

«Комсомольская правдага» белгилүү болгондой, Лев Натансон кызына Москванын борборунан 3 батирлүү батир белек кылган. Бирок Анастасия ал жашачу эмес.

«Ал балдары жана жолдошу менен батирди ижарага берип, өздөрү шаардын четиндеги 1 бөлмөлүү батирди ижарага алып жашап келишкен», — деди Анастасиянын курбусу.

Окуя тууралуу:

17-ноябрь күнү кечинде 26 жаштагы Тимур Жантураев мурдагы жубайынын үйүнө барып, кызынын жана уулунун жансыз денесин тапкан. Анастасия мас абалда болчу. Полиция кызматкерлери келгенде Анастасия чыр чыгаргандыктан аны психиатриялык ооруканага алып кетишкен. Бир сутка өткөндөн кийин, 18-ноябрда балдар тумчуктурулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошол эле күнү Анастасия балдарын өлтүргөнүн мойнуна алган. Бул кылмышы үчүн ал өмүр боюу эркинен ажырашы мүмкүн.

http://barakelde.org/