Домой Коом Москвада полиция үймө-үй кыдырып кыргызстандыктарды кармады

Москвада полиция үймө-үй кыдырып кыргызстандыктарды кармады

91
Москванын Тверь районунун аймактык милицииясы үймө-үй кыдырып кыргызстандыктарды кармады. Бул тууралуу «Утро мира» укук коргоо уюмунун төрагасы Валентина Чупик билдирди.

Анын айтымында, мындай аракеттин жыйынтыгында 17 кыргызстандык мыйзамсыз кармалган.

«Бизде полиция Тверь районундагы кыргыздарга кайтадан аңчылык кылууда. Аймактык милиция үймө-үй кыдырып, эшиктерди такылдатып, «Кыргыздар, багынгыла!» деп кыйкырып жүрөт. Колго түшүп бергендерди чогултуп, депорация кылам деп жатат», — деди ал.

Кийинчерээк укук коргоочу кармалгандардын баарын коё беришкенин жана кармалгандардын мыйзамдуулугун талап кылып полицияга чалган интернет колдонуучуларга ыраазылык билдирди.

Чупик андан сырткары коё берилген кыргызстандыктар элчиликке барып, аларды мыйзамсыз кармаганын айтып арыз жазат деп ишенет.

Булак: Барометр