Домой Коом Москвада өз баласын саткан кыргызстандык кыз 1 жарым жылдан бери СИЗОдо

Москвада өз баласын саткан кыргызстандык кыз 1 жарым жылдан бери СИЗОдо

21

Москвада баласын саткан кыргызстандык кызга карата сот иши жүрүп жатканын соттогу котормочу Салтанат Митиева жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Маалыматка караганда, процесс Москва шаарынын Пресненский райондук сотунда жүрүүдө. Баласын саткан кыргызстандык аял “Жалган маалымат” (Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренеси) жана “Адамдын эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” (Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси) беренелери боюнча айыпталууда.

“Ал 22 жашта. Буга чейин турмушка чыккан эмес. 1 жыл 4 айдан СИЗОдо. Ал кокусунан кош бойлуу болуп калганын билип, ымыркайды өз мекендештерине берүүнү чечкен. Ымыркайды сатып алгандар дагы кармалып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат”, – дейт Митиева.