Домой Дүйнөдө Москвада метродо кыргыз кызы көз жарды

Москвада метродо кыргыз кызы көз жарды

89

Москванын Электрозаводская станциясында кыргыз келин көз жарганын орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Эскалатордун жанында толгоосу башталып жаткан келинди полиция кызматкерлери байкап калып, тез жардам чакыртышкан. Бирок тез жардам келгиче толгоо башталып, келинди улук Сержант Алеся Полокова төрөткөн. Учурда эне баланын ден соолугу жакшы. Анын аты Үпөл, Кыргызстандык деп жазылат маалыматта.