Домой Коом Москвада мекендештеринен опузалап акча талап кылган Кыргыз жарандары кармалды (сүрөт)

Москвада мекендештеринен опузалап акча талап кылган Кыргыз жарандары кармалды (сүрөт)

105

Москва шаарында мекендештеринен опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар Кыргыз жарандары кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Орусиянын аймагында белгисиз адамдар өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн активдештирип, абакта жаткандарды колдоо үчүн ар кандай шылтоолор менен мекендештеринен акча каражатын опузалап талап кылып, Москва облусунун жана Москва шаарынын аймагында ишкерлик менен алектенгендердин үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө аракет кылып жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

“21-декабрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун 1999-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну кайрылган. Арыз ээси коңшу өлкөдө ижарага унаа алып, такси кызматында иштеп жүргөнүн, 19-декабрда аны карактап кеткенин айткан. Тагыраагы, жабырлануучу жол чырактын кызыл белгиси жанып, жолдо токтоп калганда унаага 20-25 жаштардагы белгисиз эки адам отуруп, айткан дарекке жеткирип коюуну кыргыз тилинде суранышкан. Жабырлануучу айткан дарегине жеткирген учурда кардарлар ага карата физикалык күч колдонуп, тапанча жана бычак менен коркутушуп, 8700 рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алышкан жана кошумча 30 миң рубль берүүсүн талап кылган. Түшкөн арыздын негизинде ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүлөр 23-декабрь күнү кармалды. Алардын бири Чүй облусунун 1997-жылы туулган К.Б. аттуу тургуну, мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар. Экинчиси Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган Б.А. аттуу тургуну, уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар экени аныкталды. Алардын жанынан бычак табылды. Учурда иликтөө иш-чаралары уланууда. Кармалган жарандардын башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилүүдө”, – дешти мекемеден.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кармалган жарандардан жабыр тарткандар болсо +7 (926) 890-87-00 телефон номуруна байланышып коюуну суранат.