Орусиянын Москва шаарындагы мейманканалардын бириндеги жуунучу бөлмөдө Кыргызстандын жаранын жансыз денеси табылганын укук коргоо органдарынын маалыматтарына таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта: 26-ноябрда Москванын Волгоградский кең көчөсүндөгү мейманканалардын бириндеги жуунучу бөлмөдө эркек адамдын жансыз денеси табылган. Анда каза болгон адамдын бардык тарабы канга боюлуп, жанында бычак жатканы айтылат. Полиция кызматкерлери, «Тез жардам» кызматы менен дарыгерлер келген. Өлүмдүн себебин тактоо максатында жансыз денени соттук медициналык экспертизага жөнөтүшкөн. Мейманкананын жектекчисинин айтымында, каза болгон жаран бир нече күндөн бери ал жерде жашап жаткан. Ал 40 жаштагы кыргыз жараны болгондугу айтылат маалыматта.