Домой Саясат Мөөнөтүнөн мурда шайлоо февраль айына белгиленгенби?

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо февраль айына белгиленгенби?

44

16-октябрда президент Жээнбеков БШКанын төрайымы Нуржан Шайылдабекованы кабыл алып, алдыдагы шайлоолор боюнча сүйлөшкөн. Анда Шайылдабекова Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо келерки жылы октябрь айында болот деп президентке маалымат берген.

Бирок, ал жолугушууда президент шайлоо өз убагында болуш керек деп БШК төрайымынын сөзүн бекемдеген эмес. Расмий маалыматта андай сөз жок.

Ошондуктан парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болот экен, ал эмес келерки жылы февраль айына жең ичинен белгилениптир деген сөздөр удургуп жатат. Саясий чөйрөдө парламенттик шайлоо февраль айында болору толугу менен чечилген маселе катары айтылууда.

Белгилүү болгондой парламенттик шайлоо маселеси президент Жээнбековдун тыкыр көзөмөлүндө турат. Ал азыркы депутаттарды, саясатчыларды бирден чакырып, ой-максаттарын сурап жатканын буга чейин айтканбыз.

Шайлоо жараянына көмүскөдөн Асылбек Жээнбеков активдүү аралашууда. Ага эң жакын адамдардын бири болгон Төрөбай Зулпукаровдун активдүү кыймыл-аракетин Асылбектин кыймыл-аракети деп айтууга толук болот. Ошондуктан саясатта, кадр дайындоодо Зулпукаров эң таасирлүү фигурага айланып, чамгарактап турган чагы.

Мына ушул эрендер мөөнөтүнөн мурда шайлоодо “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан”, “Замандаш партиялары өтүүгө тийиш деп, келерки Жогорку Кеңештин курамын бычып койгону айтылууда.

Бул максат аткарылыш үчүн азыркы Жогорку Кеңеш жаңы жыл алдында өз эрки менен таркап кетүүгө тийиш.
Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш эки учурда тарайт. Биринчиси, Конституция берген убакытта коалиция курап, өкмөттү дайындай албаса, экинчиси, өзүн-өзү таратуу жолу бар.

Албетте, азыркы кезде бийлик экинчи вариантты караштарып жатат. Жаңы жыл алдында депутаттар “тарап кетейли, жаңы жылга жаңы парламент, жаңы өкмөт менен барайлы” дегендей жүйөө менен таркап кетиши күтүлөт…
Жогорку Кеңеш таркаар замат президент беш күн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого тийиш. Ал шайлоо 45 күндөн кечиктирилбей өткөрүлүш керек. Демек, окуя мына ушул нукта өнүксө, кезексиз парламенттик шайлоо келерки жылы февраль айынын орто чендеринде өткөрүлөт.

Бул мезгил бийлик үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени оппозициянын даярдануусуна убакыт өтө аз болот. Суукта үгүт иштерин жүргүзүү да жеңил болбойт. Бийликтин административдик ресурсу гана ар кандай аба-ырайына карабай иштейт. Нааразылык акциялары үчүн да күндүн суугу терс роль ойнойт…

Айданбек Акматов, журналист