Домой Коом Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун уулу 2 айга камакка алынды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун уулу 2 айга камакка алынды

158

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабировдун уулу Аброр 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда райондук соттун чечими менен Аброр Сабиров СИЗО-1 абагына эки айлык мөөнөткө киргизилген. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча айып тагылды.

Белгилей кетсек, 7-сентябрь күнү саат таңкы 04:00 чамасында Аброр Сабиров жана анын шериги Ысык-Ата районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайдын кароолчусун сабап, аны байлап, “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдап кеткен деп шектелүүдө. Аталган автоунаалар Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылган.

Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров анын уулу Аброр катышкан окуя тууралуу журналисттерге комментарий берип, жабырлануучунун шектүүгө эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.