“Кой таш” окуясы боюнча түзүлгөн комиссиянын бүтүмүнөн соң ар түркүн маалыматтар чыга баштады. Белгилей кете турган нерсе, чыккан маалыматтардын көпчүлүгү же дээрлик баардыгы комиссиянын мүчөлөрүнүн абийирин ачып уятка калтыра турган материалдар.
Себеби, мурда конституциялык палатанын соту болуп иштеп бул жаатта чоң тажрыйбасы бар адам, азыркы комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова комиссиянын бүтүмү туура эмес экенин айтып курамдан чыгуу оюн билдирген. Анын артынан эле атайын кызматтын офицери, Атамбаевдин мамлекет тарабынан берилген жансакчысы Канат Сагымбаевдин аргументтер менен шурудай тизилген кайрылуусу чыкты. Аныкы да туура, ал Атамбаевдин жанынан кетип калган күндө да, күч колдонуп алып чыгып берсе да жоопко тартылары турган иш эле. Өзүнүн ишин так билген офицердин ою да, комиссия эсептеше турган нерсе. Ирина Карамушкина ар бир мүмкүнчүлүк болгон жерде айгай салып атса, Ырыскелди Момбеков Тынчтык Шайназаров коллегасына сөөмөйүн кезеп, “ушу комиссия Акаев менен Бакиевден калган силер, мени, Кой Ташка таптакыр барбасам, корутундуңарга кантип коштуңар” деп агынан жарылып атканы интернет колдонуучуларын эле эмес, маалымат жеткен ар бир жаранды ойго салууда. Демек вице-премьер баш болгон комиссиянын бүтүмү аттана электе аңга түштүбү деген суроо. Ушундай комиссияны түзүүнүн кереги бар беле же комиссиянын үстүнөн дагы комиссия түзүлүш керекпи?
Булак: fakt.kg