«30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү Молдовановка айылындагы №1 абакта жазасын өтөп жаткан 23 жаштагы У.у.Э.нин жансыз денеси табылган. Ал окуядан бери бир ай өттү. Бирок дагы деле тийиштүү органдар эч кандай реакция кылышкан жок. Болгону бул иш «өзүн өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумдун жакындары анын асынып алганына ишенишпейт. Себеби маркумдун денеси атайылап күйгүзүлгөндөй. Ага экспертиза дайындалганда ал бир канча күндөн бери тамак жебегени аныкталган. Ошондой эле маркумду өлтүрүп, андан кийин өрттөшкөн. Себеби денесине жабышып калган материалды караганда ацетондун жыты чыккан. Маркумду шейшептин кесиндисине асынып алды деп айтышкан. Бирок анын моюнундагы чүпүрөк күйгөн эмес. Бирок дене таанылгыс болуп күйгөн», — деп билдирет жактоочу.
Алия Турумбекованын айтымында, маркумдун денесине медициналык экспертиза кылганда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тергөөчү же прокуратура кызматынан эч ким катышкан эмес.
Каза болгон жаран ушул жылдын июнь айында 5 жарым жылга соттолгон.
Булак: Супер