Домой Саясат ММКФнын төрагасы болуп Артурбек Жуманазаров дайындалды

ММКФнын төрагасы болуп Артурбек Жуманазаров дайындалды

29

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы болуп Артурбек Жумуназаров дайындалды. Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу ММКФнын басма сөз кызматы билдирди.

Жуманазаров Артурбек Беренбекович

1966-жылы 22-январда туулган. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун «Врач-хирург» адистиги боюнча аяктаган.

1989-1990-жж. Бишкек шаарындагы №1 шаардык клиникалык ооруканасынын базасында интернатура

1990-1992-жж. Бишкек шаардык №1 шаардык клиникалык ооруканасынын врач-хирургу

1992-1996-жж. Жүрөк кан-тамыр тармагы боюнча врач-хирург

1996 -1998-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери 1990-2002-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун чоңдордун жүрөк хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2002-2003-жж. Улуттук кардиология жана терапия борборунун жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2003-2004-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери

2004-2006-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2006-2007 гг. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун кийин пайда болгон жүрөк кемтигинин хирургиясы бөлүмүнүн илимий кызматкери

2007-2008-жж. Тараз шаарындагы (Казахстан) Жүрөк хирургиясы борборунун операциялык блогунун башчысы

2008-2011-жж. Бишкек шаарындагы Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун врач-хирургу

2011-2012-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүндө Врач-инфузиолог

2012-2014-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун башкы врачы

2014-2015-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2015-2017-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун перфузиология лабораториясы менен операциялык блог бөлүмүнүн башчысы

2017-2020-жж. Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илим-изилдөө институтунун директорунун дарылоо иши боюнча орун басары

2020-2021-жылдын март айына чейин. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММК фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын директору

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар үчүн «Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты эмгеги үчүн» сыйлыгы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана илим боюнча мамлекеттик агенттиктин I даражадагы диплому

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин отличниги