Домой Саясат МККнын төрагасына сөгүш жарыяланып, орун басары кызматтан алынды

МККнын төрагасына сөгүш жарыяланып, орун басары кызматтан алынды

126

Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, орун басары Тилек Батырканов кызматынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги ePassportтун чыгарылышына байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө өкмөткө маалымдоо үчүн өз убагында жана жетиштүү чараларды көргөн жок. Биометрикалык маалыматтарды колдонуп, жаңы муундагы жарандык паспорттордун берилишин тез арада камсыз кылуу милдети коюлган. Кайра-кайра ишке ашпай калса, мындан да катуу чаралар көрүлөт»,- деп жазылат маалыматта.